Садыр Жапаров Караколдогу реконструкциядан өткөн борбордук стадионду ачтыӨлкө башчы алгач стадиондун тарыхына токтолуп, ал 1974-жылдан бери оңдолбой келгенин белгиледи.
Азыр борбордук стадион 3380 көрүүчүгө ылайыкталган, бардык эл аралык стандарттарга жооп берет. Административдик жайлар, медиа зоналар, медициналык, калыстар, допинг көзөмөл бөлмөлөрүн жана башка техникалык бөлмөлөрдүн баары жаңыланганы айтылды. 200дөн ашык унаа токтотуучу жайы дагы каралган.
"Стадионго чоң ЛЭД экран жана биринчи жолу стационардык ВАР системасы коюлду", — деп белгиледи президент.
Ал ошондой эле быйыл дагы 15 стадиондо, анын ичинде Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларындагы ири стадиондорду калыбына келтирүү иштери башталганын кошумчалады.
"Стадион бүгүнкү күндө футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасында Каракол шаарын татыктуу көрсөтүп жаткан “Барс” футбол клубунун жаңы үйү болот. Мындай стадион менен жаңы ийгиликтер жаралып, күйөрмандардын саны дагы өсөт деп ишенем", — деди Жапаров.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG