🍃Ишрок намазы
.💭🍃 عَنْ مُعَاذِ بْنِ أَنَسِ الْجُهَنِيِّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: مَنْ قَعَدَ فِي حِينَ يَنْصَرِفُ مِنْ صَلَاةِ الصُّبْحِ حَتَّى يُسَبِّحُ رَكْعَتَى الْضُّحَى لَا يَقُولُ إِلَّا خَيْرًا غُفِرَ لَهُ خَطَايَاهُ، وَ مُصَلاه إِنْ كَانَتْ أَكْثَرَ مِنْ زَبَدِ الْبَحْرِ. رواه أبو داود، باب صلاة الضحى، رقم: 1287
«Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты:
«Ким таңкы (багымдат) намазды окуп, олтурган жайынан жылбай, жакшы сөздөрдү гана сүйлөп, анан эки ирекет «ишрок» намазын окуса, күнөөсү деңиздин көбүгүндөй көп болсо да кечирилет».
💭🍃. عَنِ الْحَسَنِ بْنِ عَلِيٍّ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللَّهِ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: مَنْ صَلَّى الْغَدَاةَ ثُمَّ ذَكَرَ اللَّهَ عَزَّ وَ جَلَّ حَتَّى تَطْلُعَ الشَّمْسُ، ثُمَّ صَلَّى رَكَعَتَيْنِ أَوْ أَرْبَعَ رَكَعَاتٍ لَمْ تَمَسَّ جِلْدَهُ النَّارُ. رواه البيهقي في شعب الإيمان 420/3
«Мен Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын уккам:
«Ким багымдат намазын окугандан кийин күн чыккан мезгилге дейре зикир чалып, анан эки, же төрт ирекет «ишрок» намазын окуса, тозок оту анын терисине тийбейт».
💭🍃. عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: مَنْ صَلَّى الْفَجْرَ فِي جَمَاعَةٍ ثُمَّ قَعَدَ يَذْكُرُ اللهَ حَتَّى تَطْلُعَ الشَّمْسُ ثُمَّ صَلَّى رَكْعَتَيْنِ كَانَتْ لَهُ كَأَجْرٍ حَجَّةٍ وَعُمْرَةٍ، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهِ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: تَامَّةٍ تَامَّةٍ تامة. رواه الترمذى وقال : هذا حديث حسن غريب، باب ما ذكر مما يستحب من الجلوس .... رقم: 586
«Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам):
«Ким багымдат намазын жамаат менен окуп, андан кийин күн чыкканга чейин зикир чалып олтуруп, анан эки ирекет нафил намаз окуса, (ага) хаж менен умранын сообу берилет» - деди. Анас (разияллооху анху) сөзүн улап, мындай деди: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) үч жолу: «Хаж менен умранын толук сообу, хаж менен умранын толук сообу, хаж менен умранын толук сообу берилет», - деди».
💭🍃 . عَنْ أَبِي الدَّرْدَاءِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: إِنَّ اللَّهَ عَزَّ وَ جَلَّ يَقُولُ: ابْنَ آدَمَ لَا تَعْجِزَنَّ مِنْ أَرْبَعَ رَكَعَاتٍ مِنْ أَوَّلِ النَّهَارِ أَكْفك آخره. رواه أحمد ورخاله ثقات، مجمع الزوائد
«Пайгамбар (саллаллоху алайхи ва саллам) айтат: «Алла Таала мындай дейт:
«Эй, адам баласы! Күндүн таңкы бөлүгүндө төрт ирекет намазга алсыз болбо, күндүн калган бөлүгүнө сенин кажетиңди орундатууга Мен Жетиштүүмүн».
Түшүндүрмөсү: Бул пазилет «ишрок» намазына, же шашке (зуха) намазына тиешелүү болушу ыктымал.
💭🍃وَ أَسْرَعُوا الْكَرَةَ، فَقَالَ رَجُلٌ: يَا رَسُولَ اللَّهِ مَا رَأَيْنَا بَعْثًا قَط أَسْرَعَ كَرَّةً وَلَا أَعْظَمَ غَنِيْمَةً مِنْ هَذَا الْبَعْثِ فَقَالَ: أَلا أُخْبِرُكُمْ بِأَسْرَعَ كَرَّةً مِنْهُ، وَ أَعْظَمَ غَنِيمَةُ؟ رَجُلٌ تَوَضَّأَ فِي بَيْتِهِ فَأَحْسَنَ الْوُضُوءَ ثُمَّ عَمِدَ إِلَى الْمَسْجِدِ فَصَلَّى فِيْهِ الْغَدَاةَ، ثُمَّ عَقَّبَ بِصَلَاةِ الصَّحْوَةِ فَقَدْ أَسْرَعَ الْكَرَّةَ، وَ أَعْظَمَ الْغَنِيمة. رواه أبو يعلى ورجاله رجال الصحيح، مجمع الزوائد 491/2
«Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) бир аскер кошунду бир жакка жөнөттү эле, алар аз убакыттын ичинде көп олжо менен келип калышты. Бир сахаба:
«Оо, Алланын элчиси! Биз мындай ыкчам кошунду, андан сырткары мындай олжо менен келгенин көргөн эмес элек» деди. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Мен силерге мындан да тез, мындан да көп олжо менен келе турган киши жөнүндө айтып берейинби? Ал киши, үйүнөн дааратты жакшылап алып мечитке жөнөйт. Мечитте таңкы (багымдат) намазын окуйт, андан соң (күн чыкканда) «ишрок» намазын окуйт, мына бул киши аябай байып кайткан жана аябай көп олжо тапкан болот»