Кимде ким күч-кайратын элине жумшаса, анда ал жалгыз өзү бир эл сыяктуу барктуу. Кээ бирлерибиздин кайдигерлигинен жана чет элдиктердин жаман кулк-мүнөздөрүн алуудан улам биз мусулмандар,
«өзүм, өзүм» - деп жатып күчтүү жана куттуу исламияттын пайдасын ойлобой калдык. Жеке кызыкчылыкты ойлоп отуруп, миң адамдын бир адамдай баркы болбой калды.
مَنْ كَانَ هِمَّتُهُ نَفْسُهُ فَلَيْسَ مِنَ اْلاِنْسَانِ
لِاَنَّهُ مَدَنِىٌّ بِالطَّبْعِ
б.а.
кимде ким бүт кайратын өзү үчүн гана жумшаса, анда ал адам эмес. Себеби адам табияты маданий болгондуктан башка инсандарды да ойлоого мажбур. Жеке жашоосу коомдук жашоо менен гана уланат.
Мисалы: Бир адам нан жеш үчүн канчалаган адамдардын жардамына муктаж. Жеген наны үчүн баарына ырахмат айтуусу керек. Ошондой эле кийген кийими аркылуу канчалаган фабрикалар менен байланышта экенин салыштырып көргүлө.
Адам баласы айбан сыяктуу бир жүндүү тери менен жашай албайт. Башкалар менен жаратылышынан байланышы бар. Ошондой эле аларга руханий бир акы берүүгө (ыразылык билдирүүгө) мажбур. Ошондуктан табиятынан маданияттуу.
Бир гана өзүнүн жеке кызыкчылыгын максат кылып жашаган адам адамгерчиликтен чыгат. Жырткыч бир айбанга айланат. Колунан бир нерсе келбей чыныгы үзүрү болсо, ал башка маселе.
(Hutbe-yi Şamiye, 5.Kelime)