"Кыргызстан аэропорттору" ААК


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Ruscha
Toifa: Sayohat


✈️🇰🇬 "Кыргызстан аэропорттору" ААК расмий каналы
✈️🇰🇬 Официальный канал ОАО «Аэропорты Кыргызстана»

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Ruscha
Toifa
Sayohat
Statistika
Postlar filtri


Урматтуу жүргүнчүлөр, кесиптештер жана кыргызстандыктар!

🇰🇬 «Манас» эл аралык аэропортунун IATA коду 2025-жылдын 9-августунан тартып “FRU”дан “BSZ”ге өзгөртүлөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги 2025-жылдын 9-августунан тартып “Манас” эл аралык аэропорту өзүнүн үч тамгадан турган IATA кодун — учурдагы FRU кодунан жаңы BSZ кодуна расмий түрдө алмаштыра турганын билдирет.
Бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) коддорду өзгөртүү тартибин жөнгө салуучу 763-резолюциясынын жоболоруна ылайык кабыл алынган.

Кодду өзгөртүү тууралуу чечим 2025-жылдын 9-майында IATA тарабынан жөнөтүлгөн расмий билдирүүнү негиз кылып, IATAнын 763-резолюциясынын 4.3.2-пунктунда белгиленгендей, 90 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин күчүнө кирет.

IATA коду дүйнө жүзү боюнча аэропортторду өзүнчө идентификациялоо үчүн колдонулат. Коддун алмашуусу авиация тармагындагы бардык катышуучулардан техникалык жана уюштуруучулук даярдыктарды талап кылат.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана “Манас” эл аралык аэропорту эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте жаңы BSZ кодун колдонууга жымсал өтүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат.

***

Уважаемые пассажиры, коллеги и кыргызстанцы!

🇰🇬 Международный аэропорт "Манас" сменит IATA-код с FRU на BSZ с 9 августа 2025 года

Государственное агентство гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики сообщает, что с 9 августа 2025 года международный аэропорт "Манас" официально сменит свой трёхбуквенный код IATA — с текущего FRU на новый код BSZ.

Решение принято в соответствии с положениями Резолюции 763 Международной ассоциации воздушного транспорта (IATA), регулирующей порядок смены кодов в международной системе.

Смена кода вступит в силу с соблюдением 90-дневного срока, отсчитываемого с момента получения официального уведомления от IATA, направленного 9 мая 2025 года. Данное требование установлено пунктом 4.3.2 Резолюции 763.

Код IATA используется во всем мире для идентификации аэропортов. Его замена требует технической и организационной подготовки со стороны всех участников авиационной отрасли.

Государственное агентство гражданской авиации и международный аэропорт "Манас" совместно с международными партнерами уже приступили к работе по обеспечению плавного перехода к использованию нового кода BSZ.




Бүгүн «Манас» эл аралык аэропортунда дүйнөдөгү эң бийик чокуну — 8848 метр бийиктиктеги Эверестти багынткан алгачкы кыргызстандык аял, көрүнүктүү альпинист Асель Байбагышеваны салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү.

Бул тарыхый жетишкендик Асел үчүн эле эмес, бүтүндөй өлкө үчүн чоң сыймык болуп, кайраттуулуктун жана эрктин символуна айланды. Эверестти багынтуу көптөгөн адамдарга шыктандыруу берип, чоң максаттарга жетүү үчүн өзүнө болгон ишенимдин маанилүүлүгүн эске салат.

Биз бул жетишкендик менен сыймыктанабыз жана Аселге жаңы ийгиликтерди жана жеңиштерди каалайбыз!

***

Сегодня в Международном аэропорту Манас прошла торжественная встреча выдающейся кыргызской альпинистки Асель Байбагышевой, ставшей первой женщиной из Кыргызстана, покорившей вершину Эвереста — высочайшую точку планеты на высоте 8848 метров.

Этот исторический подвиг стал значимым достижением не только для Асель, но и для всей страны, став символом силы воли и мужества. Восхождение на Эверест вдохновляет многих и напоминает, что для достижения великих целей нет преграды, если веришь в себя.

Мы гордимся этим достижением и желаем Асель новых побед и успехов на её пути!






Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Жарандык авиация администрациясынын (CAAC) төрагасынын жардамчысы Жу Яочун мырза менен жолугушуу өткөрдүм.

Сапардын алкагында кытай тарап КЭРдин жарандык авиациясынын учурдагы абалы жана келечеги боюнча кеңири баяндама жасады. Чжу мырзанын айтымында, Кытай экономикасынын туруктуу жана жогорку деңгээлде өсүшү транспорт тармагын өнүктүрүүгө бекем негиз түзүүдө: 2024-жылы өлкөнүн ИДПсы 5% га өстү, ал эми аба жүргүнчүлөрүнүн саны рекорддук көрсөткүч — 730 миллион адамга жеткен.

Чжу мырза ошондой эле Кытай аба транспорту ассоциациясынын (CATA) активдүү ишмердүүлүгү тууралуу айтып өттү. Бул ассоциация 1000ден ашуун авиациялык уюмдарды бириктирет: авиакомпаниялар, аэропорттор, өндүрүш жана логистика компаниялары, учкучсуз учуучу аппараттар менен иштеген уюмдар жана башкалар.

Делегациянын сапарынын негизги максаттары төмөнкүлөр болду:

• Аба ташуулар, кадрларды даярдоо жана авиациялык машина куруу жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү;
• Авиациялык коопсуздук багытындагы өз ара аракеттенүү механизмдерин талкуулоо;
• Кытайда чыгарылган учактарды, айрыкча C919 жана C929 үлгүлөрүн илгерилетүү;
• Кыргызстанда авиациялык материалдар боюнча регионалдык борбор түзүү жана Урумчи/Кашгар – Бишкек/Ош багыттарында жүк ташуучу туруктуу авиакаттамдарды ишке киргизүү боюнча демилге;
• Кыргызстандагы аэропортторду модернизациялоо боюнча инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу сунушу, анын ичинде Xinjiang Airport Group компаниясынын катышуусу менен;
• Гуманитардык жана маданий кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде кытай авиациялык технологиялары боюнча Ачык эшиктер күндөрүн өткөрүү;
• Кыргыз тарапты 2025-жылдын 5–6-июнунда Пекин шаарында өтө турган Эл аралык авиациялык коопсуздук форумуна катышууга чакыруу.

Кыргыз Республикасынын Кытай менен авиация тармагындагы кызматташтыкка болгон кызыгуусу өсүп жатканын белгилей кетүү керек. “Кыргызстан аэропорттору” ААК эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүгө, авиациялык инфратүзүмдү санариптештирүүгө, туруктуу өнүгүүгө жана адистерди даярдоого даяр экенин билдирет.

***

Состоялась рабочая встреча с помощником председателя Администрации гражданской авиации КНР (CAAC) господином Чжу Яочунь.

В рамках визита китайская сторона представила детальный обзор текущего состояния и перспектив гражданской авиации КНР. По словам господина Чжу, стабильно высокий рост экономики Китая создает прочную основу для развития транспортной отрасли: в 2024 году ВВП страны вырос на 5%, а количество авиапассажиров достигло рекордных 730 миллионов.

Господин Чжу также рассказал об активной работе Китайской ассоциации воздушного транспорта (КАТА), объединяющей свыше 1000 участников авиационного сектора, включая авиакомпании, аэропорты, производственные и логистические компании, организации, работающие с беспилотными системами. Основными целями визита делегации стали:

• развитие сотрудничества в области авиаперевозок, подготовки кадров и авиационного машиностроения;
• обсуждение механизмов взаимодействия в сфере авиационной безопасности;
• продвижение китайских воздушных судов, в частности моделей C919 и C929;
• инициатива по созданию в Кыргызстане регионального центра авиационных материалов и запуску регулярных грузовых авиарейсов по маршрутам Урумчи/Кашгар — Бишкек/Ош;
• предложение по совместной реализации инфраструктурных проектов, в том числе модернизации аэропортов Кыргызстана с участием Xinjiang Airport Group;
• развитие гуманитарного и культурного обмена, в том числе в формате Дней открытых дверей китайских авиационных технологий;
• приглашение кыргызской стороны к участию в Международном форуме по авиационной безопасности, который пройдет 5–6 июня 2025 года в Пекине.

Стоит отметить растущий интерес Кыргызской Республики к сотрудничеству с КНР в авиационной сфере, и ОАО Аэропорты Кыргызстана выражает готовность к углублению двусторонних связей., развитию цифровизации авиа инфраструктуры, устойчивого развития и подготовки специалистов.






Урматтуу достор, кесиптештер жана өнөктөштөр!

Сиздерди "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан "Манас" эл аралык аэропортунун 50 жылдыгы менен куттуктайм!

Бул маараке гана эмес, өлкөбүздүн авиация тарыхындагы маанилүү этап болуп саналган маанилүү дата.

"Манас" эл аралык аэропорту — бул Кыргызстандын транспорттук инфраструктурасындагы негизги звено гана эмес, бул мамлекетибиздин эл аралык аренада өнүгүшүнүн жана өсүшүнүн маанилүү символу. Ушул жарым кылымдын ичинде аэропорт чакан аэродромдон Борбор Азиядагы алдыңкы аба хабдарынын бирине чейин өтүп, Кыргызстанды дүйнө менен байланыштырган маанилүү транспорттук түйүнгө айланды.

1974-жылы аэропорттун ачылышы өлкөнүн авиациясында жаңы доордун башталышы болгон. Аэропорттун курулушу транспорттук байланышты кыйла жакшырткан жана аймактын экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн стратегиялык маанилүү кадам болду. Ошондон тартып "Манас" аэропорту авиация тармагындагы прогресстин, модернизациянын жана эң заманбап стандарттардын символу болуп калды.

Аэропорт өзүнүн инфраструктурасын кеңейтүү, терминалдарды жаңыртуу жана коопсуздукту күчөтүү аркылуу көптөгөн өнүгүү жана реконструкциялоо этаптарынан өткөнүнө сыймыктанабыз. Бүгүнкү күндө "Манас" аэропорту жыл сайын миллиондогон жүргүнчүлөрдү тейлейт, маанилүү эл аралык каттамдарды колдойт жана туризмди, бизнести жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө алмаштыргыс ролду ойнойт.

Келечекте "Манас" эл аралык аэропорту Кыргызстан үчүн сыймыктануу булагы жана биздин элдер менен дүйнө өлкөлөрүнүн ортосундагы байланыштын маанилүү элементи болуп кала берерине биз ишенебиз.

Аэропорттун бардык кызматкерлерине, өнөктөштөрүнө жана досторуна чың ден-соолук, ийгилик жана өнүгүү жолунда жаңы жетишкендиктерди каалайм! Ар бир күн жаңы жеңиштерге толсун, ал эми биздин аэропорт Кыргызстанды дүйнө менен байланыштырган ишенимдүү, ыңгайлуу жана коопсуз көпүрө болуп калсын.

Мааракебиз кут болсун,
асманыбыз ачык болсун,
урматтуу кесиптештер!

Манасбек Самидинов
"Кыргызстан аэропорттору" ААК Башкармалыгынын төрагасы

***

Уважаемые друзья, коллеги и партнеры!

От имени ОАО «Аэропорты Кыргызстана» и лично от себя поздравляю вас с 50-летием Международного аэропорта «Манас»!

Это знаменательная дата, которая является не только юбилеем, но и важным этапом в истории авиации нашей страны.

Международный аэропорт «Манас» — это не просто ключевое звено в транспортной инфраструктуре Кыргызстана, это важнейший символ развития и роста нашего государства на международной арене. За эти полвека аэропорт прошел путь от небольшого аэродрома до одного из ведущих воздушных хабов Центральной Азии, став важным транспортным узлом, соединяющим Кыргызстан с миром.

Открытие аэропорта в 1974 году стало началом новой эры в авиации страны. Строительство аэропорта было стратегически важным шагом, который значительно улучшил транспортное сообщение и содействовал экономическому развитию региона. С тех пор «Манас» стал символом прогресса, модернизации и воплощением самых современных стандартов в авиационной отрасли.

Мы гордимся тем, что аэропорт прошел через множество этапов развития и реконструкций, расширяя свою инфраструктуру, модернизируя терминалы и усиливая безопасность. Сегодня аэропорт «Манас» обслуживает миллионы пассажиров ежегодно, поддерживает важнейшие международные рейсы и играет незаменимую роль в развитии туризма, бизнеса и экономики страны.

Мы уверены, что в будущем «»Международный аэропорт «Манас» продолжит быть источником гордости для Кыргызстана и важным элементом связей между нашими народами и странами мира.

Позвольте пожелать всем сотрудникам, партнерам и друзьям аэропорта крепкого здоровья, успехов и новых достижений на пути к дальнейшему развитию! Пусть каждый день будет наполнен новыми победами, а наш аэропорт и дальше будет надежным, удобным и безопасным мостом, соединяющим Кыргызстан с остальным миром.

С юбилеем, уважаемые коллеги!

Манасбек Самидинов
Председатель Правления ОАО «Аэропорты Кыргызстана».

9 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.
OSZAR »