Лейлекте келин ажатканага төрөп, баласын сайып өлтүрүп таштап кеткени аныкталды
Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын милиция бөлүмүнө 29-майда, саат болжол менен 11:00лерде 2006-жылы төрөлгөн Т.к.А өздөрү ижарага алып жашаган үйүнүн ажатканасына төрөп, ымыркайды таштап салганы боюнча маалымат түшкөн.
Милиция тарабынан тергөөгө чейинки иликтөө иштеринде булар аныкталган: 2006-жылы төрөлгөн Т.к.А ушул жылдын февраль айында 2001-жылы төрөлгөн Ш.у.Иге турмушка чыккан. Күйөөсү "Максат" заставасында иштеген аскер адамы болгондуктан алар ижарага үй алып, убактылуу Кулунду айыл аймагында жашап турушкан.
Келин каргаша болгон күнү таңга маал ажатканага кирип кыз бала төрөгөн. Ал ымыркайдын мойнун айнектин сыныгы менен кескилеп андан соң ажатканага ыргытып жиберген.
Эксперттердин алдын-ала берген корутундусуна ылайык төрөлгөн ымыркай алган жаратынан улам көз жумган.
Келин мындай ишке барганын турмушка чыкканга чейин күйөөсүнөн башка адамдан боюнда болуп калганы менен түшүндүргөн. Ал кош бойлуу экенин күйөөсүнөн жашырып келген.
Аталган окуя каттоого алынып, тергөө иштери уланууда
@kgosho Билип жаша!