Курмандык боюнча суроолор жана жооптор
Курмандык чалуунун өкүмү кандай?
Ханафи мазхабында: Курмандык чалуу — уажиб амал болуп эсептелет. Эгерде адамда мүмкүнчүлүк болуп туруп курмандык чалбаса, күнөөкөр болот.
Малики, Шаафи жана Ханбали мазхабтарында: Курмандык — сүннөт муаккада, бекем сүннөт. Бул — Пайгамбарыбыз ﷺ дайыма аткарып жүргөн амал. Кимде мүмкүнчүлүк болуп туруп курмандык чалбаса, күнөөкөр болбойт, бирок чоң сооптон куру калат.
Курмандык чалуунун хикматтары эмне?
1. Шүгүр келтирүү — Аллах Таала берген жашоо, ден соолук жана ырыскы үчүн ыраазычылык билдирүү.
2. Ибрахим алейхис-саламдын сүннөтүн жандандыруу — Аллахтын буйругу келгенде, уулу Исмаилди курмандыкка чалууга даяр болгон Ибрахим менен Исмаилдин баш ийүүсүн жана сабырын эскерүү, жана алардай Аллахка моюн сунууну жашообузда колдонуу.
3.Такыбалыкка жетүү — Курмандык чалуудагы негизги максат — эт эмес, Аллахка болгон такыбалыкка жетүү.
4. Кайрымдуулук кылуу — үй-бүлөсүнө кеңчилик кылуу, туугандар менен конокторго урмат-сый көрсөтүү, муктаждарга садака берүү аркылуу Ислам дининин мээримдүүлүккө негизделген дин экенин көрсөтүү
Курмандык чалууну ниет кылган адам эмнелерден тыйылат?
Курмандык чалууну ниет кылган адам үчүн Зул-хижжа айы киргенден тартып, малын курмандыкка чалганга чейин чачын, тырмагын же денесинен эч нерсе алууга болбойт — аларды алуу же кыскартуу арам болуп саналат.
Бул өкүм курмандыкты чалууну ниет кылган жеке эркек же жеке аял болобу — ошого тиешелүү. Мисалы, үй-бүлөдөн эркек курмандык чалууну ниет кылса, анын жубайы, балдары чачын же тырмагын алса — аларга күнөө болбойт.
Чачын же тырмагын унутуп алып алса эмне болот?
Эгер адам унутуп чачын же тырмагын алып алса — ага күнөө жок. Ал курмандык чала берет.
Чачын же тырмагын атайылап алса эмне кылат?
Зул-хижжа айы киргенден кийин атайылап чачын же тырмагын алса — ал күнөөкөр болот. Ага тообо кылуу уажиб. Бирок бул анын курмандык чалуусуна тоскоол болбойт — курмандыгын чала берет.
Курмандык качан сойулат?
Курмандык Зул-хижжанын онунчу күнү, айт намазынан кийин сойулуп баштайт.
Айт намазына чейин курмандык чала берсе болобу?
Айт намазына чейин курмандык чалууга болбойт. Эгер андай кылса, ал курмандык эмес, жөн гана садака болуп калат.
Курмандык чалуу канча күнгө чейин уланат?
Курмандык чалуу төрт күнгө чейин созулат.
1. Курман айт күнү (10-Зул-хиджа).
2. 11-Зул-хиджа күнү.
3. 12-Зул-хиджа күнү.
4. 13-Зул-хижжа күнү.
Курмандык кайсы малдардан союлат?
Курмандык чалууга төмөнкү төрт түрдүү малдар жарактуу:
1. Төө
2. Уй
3. Кой
4. Эчки
Бул малдар канча жашка толуусу керек?
Курмандыкка арналган малдар төмөнкү жашка жеткен болушу шарт, ал жаштан төмөн болбошу керек.
1. Төө — 5 жаштан жогору
2. Уй — 2 жаштан жогору
3. Кой — 6 айдан жогору
4. Эчки — 1 жаштан жогору
Курмандыкка жарабаган малдар кайсылар?
1. Сокур мал
Эгер малдын көзү агып же сыртка чыгып калса же аппак болуп сокур экени билинип турса — мындай мал курмандыкка жарабайт.
2. Ачык-айкын оорулуу мал
Эгер мал оорудан улам арыктап, алсыз болуп, ден соолугуна доо кетип, эт топтой албаса — мындай мал курмандыкка жарабайт.
3. Аксаган мал
Эгер малдын бутунда аксактык болуп, саламат мал менен тең жүрө албай тургандай даражада аксап жатса — бул мал курмандыкка жарабайт. Себеби мындай мал жайытта жүрүүгө, чөп жешке кудуретсиз болуп, натыйжада арык болот.
4. Арык көтөрөм мал
Эгер мал ушунчалык арыктап кетип, сөөктөрүндө майы калбай, ал тургай өз алдынча тура албай турган болсо — мындай мал да курмандыкка жарабайт.
Бычылган мал курмандыкка жарайбы?
Ооба, бычылган мал курмандыкка жарайт. Пайгамбар (соллоллооху алейхи уа саллам) өзү да бычылган эки кочкорду курмандыкка чалган. Аалымдардын басымдуу көпчүлүгү бычылган малды курмандыкка чалууга уруксат экенине макул болушкан.
Этин кантип бөлүштүрүү керек?
Үчкө бөлгөн мустахаб
Бир бөлүгүн — өзү жана үй-бүлөсү жеш үчүн калтырат.
Экинчисин — тууган-уруктарга, кошуналарга белек кылат же келген конокторго тамака салат.
Үчүнчү бөлүгүн — муктаждарга, кедей-кембагалдарга, жетим-жесирлерге садака катары таратат.