Postlar filtri


Курбан айтта админканын маанайы көтөрүлүп калсын деп ❤️ басып койсоңуздар боло🙈!? )

Кыйынбы☹️?


КУРМАН АЙТ МААРЕК БОЛСУН!

Ассаламу алейкум ва рохматуллохи ва баракатух!

Урматтуу "Хафиза кыз"- каналынын окурмандары ! Сиздерди Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Аллах Таалам Курман Айттагы ар бир амалдарыбызды, курмандыктарыбызды, дубаларыбызды жана ниеттерибизди кабыл кылган болсун!

Курмандыкты – ниет менен,
Жакшылыкты – жүрөк менен,
Дубаны – ыйман менен кылалы!

Урматым менен админка 🫀


Реакция баспайм деп чечтиңиздерби?
Майли , анда мен да жазбайм хмм! 😐)


Байкадыңыздарбы
реакция кымбаттап кетиптирго🤔?)


Расул Акрам медресеси – Илим менен ыймандын жол башчысы

Эгер сен ыймандуу, адептүү жана пайдалуу инсан болууну кааласаң, анда Расул Акрам медресеси дал ошол издеп жүргөн жериң. Бул медресе жаш муунга ислам динин терең жана туура үйрөткөн, жүрөккө да, акылга да билим сиңирген өзгөчө жай.

Эмне үйрөтүлөт?

Медреседе сабактар жөн гана теория эмес — жүрөк менен түшүнүп, турмушта колдонууга ылайык үйрөтүлөт:

Араб тили – Ислам илиминин ачкычы.
Куран жана тажвид – Жараткандын сөзүн туура окуп, жаттап, түшүнүп үйрөнөсүң.
Хадис – Пайгамбарыбыздын (с.а.в) акыл-насааттары менен жашооңду кооздойсуң.
Фыкх – Ар күнкү жашооңдо туура чечим чыгарууну үйрөтөт.
Тафсир жана Сира – Куран аяттарын жана Пайгамбарыбыздын өмүрүн терең түшүнөсүң.
Акыйда жана адеп – Туура ишеним жана жакшылык менен жашоону калыптандырат.

Медресенин өзгөчөлүгү

Бул жерде билим менен катар тарбия биринчи орунда. Ар бир окуучу ыймандуу, сылык, сабырдуу, адептүү жана коомго пайдалуу инсан болуп тарбияланат. Устаздар өз ишине берилген, сабырдуу жана тажрыйбалуу. Алар окуучуга мугалим эмес, ата-эне мээрими менен мамиле кылышат.

Шарттар кандай?

• Жатаканалар таза, жылуу жана ыңгайлуу.
• Ашканада тамактар даамдуу жана санитардык эрежелерге жооп берет
• Китепканада бардык керектүү диний жана дүйнөлүк адабияттар бар
• Намазкана, медпункт, эс алуу бурчтары – баары каралган.

Кошумча мүмкүнчүлүктөр

Расул Акрам медресеси турмуштук көндүмдөргө да көңүл бурат. Балдар үчүн – айдоочулук күбөлүк, техникага байланышкан практикалар каралган.

Ий баса! Институтта кыз-келиндер үчүн өзүнчө бөлүм иштейт, анда 16 жаштан жогорку айымдар үчүн диний билим берүү программалары сунушталат. Бул бөлүмдө ошондой эле бала бакча жана кол өнөрчүлүк сабактары да уюштурулган .

Кабыл алуу

• Жашка чектөө жок.
• 9 же 11-класстын аттестаты менен тапшырууга болот.
• 9-классты бүткөндөр кошумча окуу менен 11-класстын аттестатын алышат.

Окуу мөөнөтү – 1 жыл дайардоо курсу жүрөт , жалпысынан 5 жыл

Расул Акрам медресеси – бул жөн гана окуу жай эмес, бул – жүрөктү жибиткен, акылды ойготкон, келечекти жарык кылган билим мекени. Эгер сен да динди туура түшүнүп, өмүр бою пайдасын бере турган илимге ээ болууну кааласаң — дал ушул жерден башта!




Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Курманжан медресеси (Арча Бешик медресеси)

Курманжан медресеси — Бишкектеги Арча Бешик конушунда жайгашкан ислам билим берүү жайы. Медреседе балдар жана кыздар үчүн өзүнчө бөлүмдөр бар. Бул жерде ислам илимдери терең жана ырааттуу түрдө окутулат.

Окутулуучу сабактар:

• Фикх – ибадат жана күнүмдүк жашоодогу шарият эрежелери
• Акыйда – туура ишеним жана негизги ыйман шарттары
• Тафсир – Куран аяттарын түшүндүрүү
• Хадис – Пайгамбарыбыздын (с.а.в) осуяттары
• Сира – Пайгамбарыбыздын өмүр баяны
• Арап тили – ислам илиминин ачкычы
• Ислам тарыхы жана этика

Мүнөздөмөсү:

• Медресе күнү-түнү эмес, күндүзгү негизде иштейт (жатакана каралган эмес)
• Кесиптик курстар каралган эмес
• Окуу акысы жеткиликтүү жана шариятка ылайык билим берилет

Кабыл алуу шарттары:

• Жаш чектөөсү жок
• 9 же 11-класстын аттестаты менен тапшырууга болот
• Окуу мөөнөтү: 2–4 жыл

Курманжан медресеси — бул ыйман, тартип жана сапаттуу диний билим берген жай. Эгер ислам илимин үйрөнүүнү кааласаңыз, бул медресе сизди күтөт!


Хазрети Осмон Ислам Институту

Хазрети Осмон Ислам Институту — бул жөн эле медресе эмес, менин руханий жана инсандык өсүшүмө жол ачкан ыйык жай. Мен бул жерде 2 жыл билим алдым. Бул убакыт аралыгында мен билимден сырткары, сабырдуулукту, адептүүлүктү, жоопкерчиликти үйрөндүм. Устаздардын мээрими, курсташтардын колдоосу, илимдин берекеси мага чоң дем болду. Ошол себептен, бул медресе тууралуу өзүм күбө болгон жакшы жактарын бөлүшкүм келет.
Илимге сугарылган, ыйманга багытталган институт.

Хазрети Осмон медресесинде сабактар терең жана кеңири окутулат. Бул жерде ислам илимдеринин негизги багыттары боюнча билим берилет:

Фикхибадат жана күнүмдүк жашоодо шарияттын колдонулушу.
Акыйдатуура ишеним жана Аллахты таануу.
ТафсирКуран аяттарынын маанисин түшүнүү.
ХадисПайгамбарыбыздын (с.а.в) сөздөрүн үйрөнүү.
СираПайгамбарыбыздын (с.а.в) өмүр таржымалы.
Арап тилиислам илиминин ачкычы болгон тил.
Ислам тарыхыүммөттүн өткөнүнөн сабак алуу.
Чыгатай түрк тилимаданий мурасты өздөштүрүү.

Медреседе окуучулар үчүн бардык шарттар каралган:

Ыңгайлуу жана таза жатаканалар
Тамак-ашы даамдуу жана санитардык эрежелерге жооп берет.
Китепкана ар түрдүү исламий жана дүйнөлүк адабияттар менен камсыздалган.
Медпункт жана гигиеналык шарттар.
Окуу жана эс алуу үчүн атайын уюштурулган убакыттар (каникулдар).

Кошумча мүмкүнчүлүктөр:

_Бул медресе диний билим менен катар кесиптик көндүмдөрдү да берет:

Кыздар үчүн: ашпозчулук, тигүү, кол өнөрчүлүк.

Балдар үчүн: сантехник, автомеханик, айдоочулук күбөлүк алуу мүмкүнчүлүгү (2 жылдан кийин).

Кабыл алуу шарттары:

• Жаш чектөөсү жок
9 же 11-класстын аттестаты менен тапшырууга болот
9-классты бүткөндөр 2 курстан кийин 11-класстын аттестатын ала алышат.
Окуу мөөнөтү: 2 жылдан 4 жылга чейин.

Хазрети Осмон Ислам Институту — бул мени тарбиялап, өзгөрткөн жай. Эгер силер да ыймандуу, илимдүү болууну кааласаңар, мына ушул медресе силерди күтүүдө. Бул жерде жөн гана окуу эмес, чыныгы турмушка даярдык жүрөт. Мен өз тажрыйбам менен айтып коёюн — бул чечимден эч качан өкүнбөйсүз!


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Хазрети Осмон Ислам институту - кыздар бөлүмү.




Медреседе окуйм деп ниеттенген бир туугандар болсо ❤️ баса кетебиз)


Ассаламу алейкум ва рохматуллохи ва баракатух!

Кандайсыздар, кымбаттуу "Хафиза кыз" каналынын окурман ухтилери?

Сиздерге бир кубанычтуу жаңылыгым бар!

Каналыбыздагы көпчүлүк катталуучулар — илимге умтулган, жолукчан, Хафиз болууга кызыккан кыздар болгондуктан, көптөрү:
“Сиз кайсы медреседе окуйсуз?”,
“Кайсы медресеге тапшырсак болот?”,
“Документтер кандай талап кылынат?” — деген сыяктуу суроолорду көп беришет.

Ошондуктан, Ин Шаа Аллах, Кыргызстандагы эже - сиңдилерге арналган медреселер тууралуу пайдалуу маалыматтарды бөлүшүп баштайм.

Айрым медреселерде Хафизалык багыт бар, айрымдарында болсо Шарият илимдери терең окутулат. Кээ бир медреселер эки багытты тең камтып, Куран жаттоо менен катар фикх, тафсир, хадис жана башка сабактарды да үйрөтүшөт.

Бул посттор аркылуу төмөнкү суроолорго жооп берүүгө аракет кылам:

Медресеге кантип тапшырса болот?
Кандай документтер керек?
Жатакана каралганбы?
Окуу акысы кандай?
Окуу качан башталат?

Мындан тышкары, кээ бир балдар медреселери жөнүндө да маалымат бермекчимин. Себеби араңыздарда ага-иниси же уулу медресеге тапшырууну каалагандар бардыр.

Алдыдагы постторду өткөрүп жибербеңиз — пайдалуу жана кызыктуу маалыматтар көп болот, иншаа Аллах!

Кайсы багыттагы медресе тууралуу маалымат алгыңыз келет: Хафизалыкпы же Шарият илимдери боюнчабы?


❤️ басыңыз деп айтмайынча баспайт экенсиздер да ээ ....?🙁

Майли 🥲


📌 Урматтуу эже - сиңдим, өзүңдү сакта !"

Алхамдулиллах, Аллах Таала бизди эң көркөм формада жаратты. Аялдын жүзү да, денеси да — бул бизге берилген аманат. Бул аманатты сактоо — биз үчүн чоң жоопкерчилик.

Караңыз Аллах Таала бизге эмне буюрганын :
- "Момун аялдар өз көздөрүн төмөн салып, ар намыстарын сакташсын жана өз кооздуктарын (чоочундарга) көрсөтүшпөсүн..."
{Нур сүрөсү, 31-аят}

Бул аятта аялзатка так жана ачык буйрук берилген: жүзүн жана денесин чоочун эркектерден жаап, абийирин сактоо керектигин.

Социалдык тармактар — бүгүнкү күндүн чоң сынагы. Өзгөчө аялдар үчүн, сүрөттөрүн, жүздөрүн, денелерин элге көрсөтүү — коркунучтуу фитнага айланып калды.

Бул туурасында Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) дагы мындай эскерткен:
-"Тозок элинин эки түрүн көрдүм: ... кийинип алган, бирок жылаңач көрүнгөн аялдар..."
{Муслим риваяты}

Оо Эже-синдим!
Соц тармактарга лайктар, мактоолор — бул убактылуу алдамчы сезимдер болушу мумкун. Бирок жүзүңдү жана денеңди Аллах үчүн сактоо — сага эки дүйнө бактылуук алып келет.

Оо, Эже - сиңдим! Сенин жүзүң — нур. Сенин денең — баалуулук. Аны ар кимдин көзүнө жайбоо — бул өзүн-өзү урматтоо жана Аллахтын ыраазылыгын издөөнүн белгиси.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) бизге мындай насаат айткан:
"Дүйнө — убактылуу жыргал, ал эми дүйнөнүн эң жакшы байлыгы — жакшы аял."
{Муслим риваяты}

Жакшы аял — бул Аллахтын буйругун аткарган, жүзүн жана денесин сактаган аял.

Оо, Эже-карындашым! Эстеп жүр:

• Өз жүзүңдү жана денеңди чоочун көздөрдөн корго!

• Социалдык тармактарда өзүңдү жана абийириңди сакта!

• Ар бир кадамыңды Аллах үчүн жаса!

Дүйнө өтөт. Сүрөттөр унутулат. Бирок Аллах үчүн сакталган ар намыс түбөлүк калат!

Урматым менен админка!


📌Жолукту кандай кийиш керек❓

Чач чыккан жерден баштап ээгине чейин жаап турушу керек:
Жоолук кыздын чачы чыккан чекесинен тартып, кулагын, моюнун жана ээкитин (жөөкөсүн) толук жаап турушу шарт. Чачтын бир талын да көрсөтпөш керек.

Жоолук калың болушу керек:
Ичиндеги чач же териси көрүнбөшү үчүн жоолук жука эмес, тыгыз матадан болушу керек.

Жоолук жөнөкөй жана сылык болушу керек:
Көзгө өтө уруна турган кооздук менен эмес, сабырдуу жана тынч түстөгү жоолук салынышы туура болот.

Жакшы бекитилген болушу керек:
Жоолук абайлап салынып, жүргөндө түшүп кетпей тургандай болуп бекем болушу керек.

Көкүрөк жагын да жаап турушу керек:
Жоолук көкүрөк тарабын да жаап, аялдын өзгөчөлүктөрүн көрсөтпөй тургандай болушу керек.

Аллах үчүн кийүү керек:
Жоолукту адамдар көрсүн же мактасын деп эмес, жалгыз Аллахтын ыраазычылыгы үчүн салыш керек.

✍🏻: Хафиза кыз 🫀)


📌 Жолугум — менин тажым 👑

Жоолук — бул менин башымдагы таажымдай кымбат нерсе. Ал мага кооздук, ар-намыс жана коргоо тартуулайт. Мен жоолукту жөн эле кийген жокмун, Аллахтын буйругун аткаруу үчүн, Анын ыраазычылыгын табуу үчүн салындым.

Аллах Таала Куранда мындай деген:
"Эй Пайгамбар! Өз аялдарыңа, кыздарыңа жана момун аялдарга айт: Үстүлөрүнө жамынсын. Бул алардын таанылышы жана кордук көрбөшү үчүн эң жакшы." (Ахзаб сүрөөсү, 59-аят)

Бул аят мага түшүндүрөт: жоолук менин коргоочум, улуулугум жана сыймыгым. Жоолугум менен мен өзүмдү кордонуудан, жаман көздөрдөн сактайм. Жоолугум мага токтоолук, сабыр жана тынчтык тартуулайт.

Жоолук — менин тажым. Таажы падышалардын башында болот, улуулукту билдирет. Ошол сыяктуу эле, менин жоолугум да менин башымды ыйыктап, мени Аллахтын алдында кадырлуу кылат.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) мындай деген:
"Дүйнө толтура байлык менен кооздолгон, бирок дүйнөдөгү эң жакшы байлык — ыймандуу аял." (Муслим риваяты)

Ыймандуу аялдын белгиси — Аллахтын буйругун угуп, жоолугун салганында.
Жоолук мени башка аялдардан бөлүп турат — менин жүзүмдү эмес, ыйманымды көрсөтөт. Мен жоолугум менен өзүмдү улук тутам, анткени мен кимге баш ийип, ким үчүн жашап жатканымды билем.

Жоолук мени күнөөдөн коргоп, Аллахтын ырайымына жол ачат. Ал мени шайтандын азгырыгынан, бөтөн эркектердин көз карашынан сактайт. Ал мага акыретте бейишке жетүүгө себеп болот.

Ушул жазманы окуган ар бир айым, мен жазган менен келишет деген ойдомун ❤️


Сабака келгендер барбы? 🙃

759 0 0 15 12

📌 «Аллахты эстөө — жүрөктүн шыпаасы»

Бир күнү сахабалар Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в)дан мынтип сурашат:

👥 : Йа Расулуллах ! Айтыңызчы эң жакшы амал кайсы?

Пайгамбарыбыз (с.а.в) ага мындай жооп берди :

👤:Тилиң Аллахты эстеп турган абалда өлүшүң !

Ойлоп көрүңүз, бул дүйнөдө биз эмне үчүн жашайбыз? Күн сайын тамак, кийим, билим, иш... Бирок жүрөгүбүз тынчсыз болсо, бакытты кайдан табабыз?
Чыныгы бакыт — бул Аллахка жакын болуу.

Аллах Таала Куранда мындай айтат:
«Билиңиздер! жүрөктөр Аллахты эскерүү менен гана тынчтанат»
(Раъд сүрөсү, 28-аят).

Адамдын жаны денеге кандай керек болсо, жүрөктүн азыгы — зикр, куран, намаз. Эгер бунун бири да жүрөктө болбосо жүрөгүбүз бош калат, ал бош калган жүрөк шайтанга баш ийип, ыплас иштер менен алек болот.

Дүйнө бир күнү бүтөт. Жашоо токтойт. Бирок ахырет — түбөлүктүү. Ошондуктан Аллахты көп эстеп, ар бир күндү наамаз, зикр, жакшы амал менен өткөрөлү.

Эсиңизде болсун бир тууганым!
Көп нерсеге жетпей калсаңыз да, Аллахка жетүүгө аракет кылсаңыз, сиз дүйнөнүн эң ийгиликтүү адамысыз🤍!

✍🏻: Хафиза кыз 🫀)


Таухид Улухия деген эмне?
So‘rovnoma
  •   Аллахты жаратууда жалгыздоо
  •   Аллахты сыйынууда жалгыздоо
  •   Аллахты көркөм ысым -сыпаттарын жалгыздоо
26 ta ovoz


Таухид Асма Уа Сыфат деген эмне?
So‘rovnoma
  •   Аллыхты жаратууда жалгыздоо
  •   Аллахтын сыйынууда жалгыздоо
  •   Аллахтын көркөм ысым -сыпаттарын жалгыздоо
26 ta ovoz

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.
OSZAR »