🔴 САДАКА КЫЛГАН АДАМГА АЛЛАХ ӨЗҮ КАМ КӨРӨТ
Аллахтын элчиси ﷺ хадистеринин биринде бир окуяны баяндап мындай деп айтат:
«Күндөрдүн биринде бир мусапыр адам ээн чөлдө баратса, ага бир булуттан “Балаңчанын бакчасын сугар” деген үн угулат. Ошол замат асмандагы булуттар бир тарапка агылып, кара таштуу как жерге жамгыр болуп төгүлөт. Жамгырдан чогулган суулардын баарысы бир агынга куюлуп, ылдыйды көздөй агат.
Ал адам аккан сууну бойлоп жөнөйт. Бир маалда бир адамды бакчасында турганын көрөт. Ал сууну кетмени менен бууп жаткан экен. Ошондо ал адамга келип:
– Оо, Аллахтын пендеси! Атың ким? – деп сурайт.
– Баланчамын,– деп атын айтат.
Атын угары менен булуттан айтылган адамдын аты экени анык болот. Ошондо ал адам мусапырдан:
– Оо, Аллахтын пендеси! Менин атымды эмнеге сурадың? – дегенде, ал адам айтат:
– Мына бу жамгырдын суусу жааган булуттан “баланчанын багын сугар” – деп сенин атыңды атаган үн угулду. Сен мындайга татыгандай багыңда эмне иш кыласың?
– А муну айта турган болсом, түшүмдү жыйнагандан кийин канча болгонун карайм, анан түшүмдүн үчтөн бирин садака кылам, үчтөн бирин үй-бүлөм менен чогу жейбиз, ал эми үчтөн бири бакчанын өзүнө кетет” – деп жооп берди». (Сахих Муслим)
Ал эми ушул эле хадистин башка риваятында: «... үчтөн бирин кедей-кембагалдарга, тилемчилерге жана мусапырларга беремин» – деп айтылган.
Бул хадисти окуган кээ бир адамдарга таң калыштуу болушу мүмкүн, кантип эле булуттан үн чыксын деп. Бул нерсе Аллах үчүн өтө жеңил. Эгерде пайгамбарыбыз ﷺ өзү айтып жаткан болсо, анда буга кымындай да шектенүүгө кажет жок. Анткени анын ар бир айткан сөзү акыйкат, ар бир айтып кеткен сөзү чындык.
Кандай гана кереметтүү жана таң калыштуу окуя! Какыраган чөлдө жашаса да Аллах таала ага эселеп берекесин төгүп жатат. Адам күтпөгөн жактан ага камкордук кылып жатат. Анын Аллах үчүн кылган жакшылыгын ал ойлобогон тараптан ага эселеп кайтарып жатат. Эмне үчүн? Анткени ал адам Аллахтын бергенин Аллах үчүн садака кылды, кедей-кембагалдардын акысын берди, аларга жардам колун сунду. Мына ошол себептен Аллах анын тапканына береке берди, Ага эч кимге кам көрбөгөндөй камкордук көрдү.
| Эрланбек Кушчубек уулу
Телеграм каналга кошулууңуз!
https://t.me/firdauskanal