📣 Бүгүн жаңыланган «Алга» спорт комплексинин аренасында Премьер-Лиганын 12-турундагы «Алга» (Бишкек) менен «Барс» (Каракол) командаларынын беттешине арналган матч алдындагы маалымат жыйыны өттү.
«Алга» менен «Барстын» башкы машыктыруучулары жана капитандары жаңы комплекс тууралуу өз пикирлери менен бөлүшүп, оюнга болгон күтүүлөрүн, командалардын даярдыгын жана бул окуянын маанисин айтып беришти.
Алдыда — чоң оюн жана тарыхый окуя!