🇰🇬 Жер шарын айланган учкучтар биринчи жолу Кыргызстанда чогулат
Дүйнөгө таанымал 45 учкуч 1-июндан тарта Ысык-Көлдө чогуларын Учкучтар менен авиаторлордун кыргыз ассоциациялык бирикмесинин төрагасы Союзбек Салиев бизге билдирди.
Катышуучулардын арасында өзүнүн тик учактары менен келе тургандар да бар. Жолугушууга АКШ, Улуу Британия, Аргентина, Жаңы Гвинея, Швейцария, Германия, Испания, Россия жана Австриядан жер шарын айланып чыккан учкучтар катышат.
“Пилоттор 2 жылда бир чогулуп, маалымат алмашып турат. Алар быйыл Кыргызстанда алгачкы жолу жолугат. Жолугушчу жерге Кыргызстанды 3 жыл мурун көрсөтүп, арыз жазып, 3 өлкөнүн ичинен утуп алганбыз”, — деди Салиев.
Кыргызстандык Союзбек Салиев — Борбор Азия өлкөлөрүнөн жерди айланып чыккан жалгыз учкуч.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG