Динибиздин идеологиялык жагын акыйда илиминен үйрөнсөк, укуктук жагын фикх илими үйрөтөт. Ал эми адеп ахлак, жүрөктү тазалоо жагын тасаввуф илиминен үйрөнөбүз...Булардын баардыгын байланыштырып жашообузда колдоно алсак ошондо биз тең салмактуу мусулман боло алабыз. Жараткан бизге туура илим үйрөтсүн жана туура жолдо туура амал кылууну насип кылсын...🤲